akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-20-08, 05:24

    Улуттук банк жаңы коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды

    "Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл" аталышындагы күмүш коллекциялык монета жүгүртүүгө чыкты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

    "Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл" тыйынынын алдыңкы бетинде негизги элемент катары Ала-Тоо тоолорун чагылдырган "100" деген сан, улуттук оймо-чийме жана чексиздик белгиси, ошондой эле "жыл" деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында Кыргызстандын улуттук символу – ак илбирстин сүрөтү, ошондой эле монетанын номиналы "10 сом" чагылдырылган. Арткы бетинде болсо, Ала-Тоо тоолорунда кездешкен гүлдөрдү чагылдырган оймо-чиймелердин так ортосунда Кыргызстандын герби жайгашкан. Тыйындын оң жана сол тараптарында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики" жазуулары түшүрүлгөн.

    Монетанын төмөн жагында тыйын чыгарылган жыл – "2024", металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (28,28 g) көрсөтүлгөн.

    Белгиленгендей, аталган тыйын өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.