akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-08-08, 10:29

    Улуттук банк 250 млн сомго мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштырат

    Улуттук банк 9-августта жүгүртүү мөөнөтү 7 жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

    Эмиссиянын көлөмү 7% купондук чен менен 250 млн сомду түзөт.

    Облигацияларды чыгаруу датасы 2024-жылдын 12-августуна пландаштырылган, ал эми төлөө мөөнөтү 2031-жылдын 12-августу. 

    Купондук төлөмдөр жылына эки жолу – төлөө мөөнөтү аяктаганга чейин 12-февралда жана 12-августта жүргүзүлөт.