akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-04-09, 12:11

    Облигациялар боюнча пайыздык төлөмдөр 101,2 млн сомду түздү

    Быйыл 8 айда облигациялар боюнча пайыздык төлөмдөр 101,2 млн сомду түздү. Бул тууралуу өлкөнүн Финансылык көзөмөл кызматы билдирди.

    Кыргызстандын эмитенттеринин облигацияларындагы депозиттерден киреше квартал сайын 1700дөн ашык юридикалык жана жеке жактарга түшүп турат.

    “Туруктуу кирешени камсыз кылгысы келген ар бир жаран инвестор боло алат жана  каалаган сумма менен инвестициялоону баштоого болот”, - деп билдирди Финкөзөмөл. 

    Ошондой эле, өлкөдөгү баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүгө дем берүү максатында Финкөзөмөл учурда “Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КРнын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыкты.

    Киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн бири – фонддук рынокто жеке инвестициялык эсептер аркылуу акцияларга, облигацияларга жана башка финансылык инструменттерге инвестициялоо үчүн коомчулуктун түз катышуусу. Инвестициялык эсептин негизги артыкчылыгы - салыктык чегерүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүгү болуп эсептелет.

    Учурда мыйзам долбоору министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылып, президенттин иш башкармалыгына кароого жөнөтүлдү.

     


    Тектеш материалды окуу