akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-21-12, 09:00

    Сокулуктагы автозаводдун курулушу кечеңдеп жатат

    Чүй облусунун Сокулук районундагы 2024-жылдын август айына ишке берилиши пландалган унаа чыгаруучу заводдун курулушу төрт айга кечигип жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен маалым болду.

    Учурда ишкананын курулушу уланууда.

    Эске салсак, долбоор Министрлер кабинети, жергиликтүү ишканалар жана кытайлык China Hubei Zhuoyue Group компаниясынын кызматташуусунун алкагында ишке ашырылууда. Биринчи этапта инвестициянын жалпы көлөмү 115 миллион долларды түзөт, ал эми заводдун долбоордук кубаттуулугу жылына 80 миңден ашык автоунаага жетет.

    Ишкана электр унааларын, жеңил унааларды жана коммерциялык унааларды чогултууга багытталган.


    Тектеш материалды окуу