akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-20-12, 17:22

    Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат

    Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда Элдик курултайда билдирди.

    Курулуш кайсы жерден башталары тууралуу так маалымат берилген жок.

    Белгилеп кетсек, долбоорду баштоо мөөнөтү улам жылып келет. Буга чейин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев октябрда башталары айтса, Министрлер кабинети ноябрдын аягында курулушка старт берилерин кабарлаган.


    Тектеш материалды окуу