Кыргызстанда бир нече багыт боюнча сырттан окууга убактылуу тыюу салуу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик системадагы бюрократияны азайтуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын экинчи отурумунда сунушталганын Юстиция министрлиги билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтонго (АКШ) иш сапары менен барып, Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Социалдык фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө токтомго өзгөртүү киргизилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.