Жарыяланган
2024-06-11, 13:06Кыргызстанда милдеттүү медициналык камсыздандыруу шарттарын сактабагандыгы үчүн иш берүүчүлөргө жана уюмдарга айып пул салынат. Тиешелүү мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгиленгендей, бул өзгөчө кооптуу өндүрүш объекттерин иштеткен компанияларга тиешелүү.
“ Айып пулдун суммасы жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сомду түзөт, кооптуу өндүрүш объектилерин иштеткен иш берүүчүлөргө да, уюмдарга да айып салынат”, - деп айтылат маалыматта.
Документ өндүрүштө жаракат алган жана кырсык болгон учурда жумушчулардын жана үчүнчү жактардын укуктарын коргоого багытталган.
Бул багыттар боюнча милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамдар 2008-жылы эле кабыл алынган, бирок ушул убакка чейин көптөгөн иш берүүчүлөр жана уюмдар мыйзамдын талаптарын аткарбай келишкен.