Опубликовано
12.08.2024, 07:40Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар тобу Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык кармоочу торлордон тазалоону улантууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Белгилеп кетсек, өлкө жетекчилиги тарабынан биосфералык зонадагы экологиялык кырсыктын алдын алуу жана Ысык-Көлдү жана экологияны сактоо боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатат.
“Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлдүн түбүн таштандылардан тазалоону улантышууда. Көлдү тазалоо иштери 2023-жылдын 12-мартында Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен башталган. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча суучулдар 22 миң 545 килограмм ар кандай таштандыларды жана 218 миң 100 метр балык уулоочу торлорду алып чыгарышты”, - деп айтылат маалыматта.
Быйыл тазалоо иштеринин натыйжасында Ысык-Көлдөн 40 миң метр балык кармоочу торлор жана 6 тоннага жакын ар кандай таштандылар чогултулган. Учурда мыйзам тарабынан тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы деле уланууда.