Опубликовано
16.10.2023, 03:35Былтыр, 2022-жылы Евразия экономикалык биримдигинде 8,7 млн сомго жакын контрафакттык товар аныкталган. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын департаментинин директорунун орун басары Нуржамал Ильясова “Антиконтрафакт-2023” форумунда билдирди.
Анын айтымында, бул 2021-жылга караганда эки эсе аз жана 2016-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч.
“Контрафакттык (ред. оригинал эмес) продукциялар азыраак аныкталууда. Атап айтканда Арменияда — 20 эсе, Беларусияда — 3 эсе, Орусияда — 2,2 эсе”.
Ошол эле учурда, аныкталган жасалма продукциянын саны: Казакстанда – 3,3 эсеге жана Кыргызстанда – 8 эсеге көбөйгөн.