Опубликовано
22.02.2024, 11:49Кыргызстан менен Түштүк Корея бодо малды генетикалык жактан жакшыртуу долбоорун ишке ашырышат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.
KOICA жана Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун аракеттеринин аркасында долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн атайын топ (бирдик) түзүлүп, аны мал чарбасын жана ветеринарияны генетикалык жактан жакшыртуу тармагында чоң тажрыйбасы бар кореялык эксперт Хонг Сон Коо жетектей тургандыгы маалымдалды.
Бул кадамдар жогорку сапаттагы эт жана сүт өндүрүүнү көбөйтүүгө, ошондой эле өлкөдө малдын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга жардам берет.