akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    29.07.2024, 08:20

    Суу маселеси дүйнө боюнча орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев министрликке караштуу Суу ресурстары кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышкан жыйында билдирди.

    Анын айтымында, бүгүнкү күндө сууну 95 пайыз айыл чарбасы колдонот. Андыктан айыл чарбасы менен суу ажырагыс бир бүтүндүктү түзөт.

    Министрлик тарабынан мөңгүдөн баштап, жердин астындагы, үстүндөгү суулар, дарыялар, бассейиндердин баарын баланска алуу, инвентаризация жасоо, ар дайым мониторинг жүргүзүү аркылуу, сууга аяр, үнөмдүү саясат жүргүзүү стратегиясы иштелип чыгууда.

    Мындан улам, сугат мезгилинде талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпай өз убагында тейлөө максатында, дыйкандарды суу менен камсыз кылууда ирригация көйгөйүн чечүү, ички суу чарба каналдарынын баарын оңдоп, жөнгө салууга олуттуу маани берилип жатат. Каналдардын оңдолушу сел сыяктуу жаратылыш кырсыктарынан эгин талаалары, калктуу конуштар зыян тартпашына дагы чоң мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.


    Читать похожее

    • 21.08.2024, 21:50:11
    • 20.08.2024, 22:46:10
    • 20.08.2024, 03:20:02
    • 19.08.2024, 23:35:09