Опубликовано
01.12.2023, 08:05Жалал-Абадда адамды жүзүнөн тааный турган камералар иштей баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, ар кандай кылмыш-кырсыктардын алдын алуу максатында 48 камера орнотулуп, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 5,5 млн сом бөлүндү.
Акылдуу камералар калаанын эл көп жүргөн жерлерине, көчөлөрдүн кесилиштерине коюлду.