Опубликовано
15.05.2024, 11:30Министрлер кабинети жазгы себүүгө үрөн материалдарын сатып алууга каражат бөлөт. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим дыйкандарды колдоо максатында кабыл алынды. Бул максатта 55 млн сом жумшалат деп пландалууда.
Үрөн чарбачылыктары менен 40 келишим түзүлдү. Жалпысынан 4 тонна үрөн сатылып алынат, анын ичинде буудай, арпа, жүгөрү, беде, пахта, эспарцет жана картөшкө бар.