akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Sputnik

    Жарыяланган

    2024-18-09, 16:03

    Кыйынчылыктарга карабай Улуттук банк августта кирешесин жогорулатты

    2024-жылдын август айында Улуттук банк 1,8 миллиард сом киреше тапты. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төмөн. Бирок Улуттук банк жылдын көпчүлүк бөлүгүн чыгаша менен жапканын эске алсак, бул жыйынтыкты жетишкендик катары баалоого болот.

    Улуттук банктын финансылык баяндамасына ылайык, 2024-жылдын август айынын акырына карата киреше 1 миллиард 755,6 миллион сомду түздү. Буга кошумча банк июль айындагы дээрлик 100 миллион сомдук чыгымды да жапты.

    Биринчи жарым жылдыктагы чыгаша  

    Улуттук банк 2024-жылды терс финансылык жыйынтык менен баштап, январь айында 126,5 миллион сом зыян тартты. Февраль айында бул көрсөткүч 145,3 миллион сомго чейин өскөн. Март айында жөнгө салуучу терс сальдону 127,9 млн сомго чейин бир аз кыскарта алган, бирок апрель айында финансылык жоготуулар 352,6 миллион сомго чейин кескин көбөйгөн. Бул быйылкы ай үчүн эң олуттуу терс жыйынтык болду. 

    30-апрелге карата жалпы чыгым 480,5 миллион сомду түздү, бул март айынын көрсөткүчтөрүнөн дээрлик төрт эсеге көп.

    Май айындагы чыгаша 509,2 миллион сомго чейин өскөн. Бирок экинчи кварталда абал жакшыра баштаган. 30-июнга карата Улуттук банк терс сальдону 426,4 миллион сомго кыскартууга жетишип, жарым жылды 82,8 миллион сом чыгым менен жыйынтыктады. Июль айында июнь айынын жыйынтыгына дагы 15,8 миллион сом кошулуп, натыйжада Улуттук банк жетинчи айды 98,5 миллион сом чыгаша менен жапты.

    Август айынын аягында Улуттук банк чыгашаларды толугу менен жаап, дээрлик 1,8 миллиард сом киреше тапкан.

    Пайда салыштыра келгенде билинет 

    Улуттук банктын негизги максаты макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана киреше табуу эмес болсо да, жөнгө салуучу органдын финансылык туруктуулугу өтө маанилүү. Тышкы экономикалык таасирлердин жана баалардын туруктуулугун сактоо боюнча жигердүү аракеттердин шартында Улуттук банктын кошумча чыгымдары сөзсүз болот. Бул өлкөнүн бүткүл банк системасы үчүн финансылык ресурстарды ийгиликтүү башкарууга шарт түзөт. Коммерциялык банктардан айырмаланып, чыгашалар банктын өзүнө гана таасирин тийгизет, Улуттук банктын зыянга учурашы бүтүндөй каржы системасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.  

    Улуттук банктын кирешесин коммерциялык банктар менен салыштыруу таптакыр туура эмес, бирок Кыргызстандын банк сектору үчүн 1,8 миллиард сом киреше олуттуу пайда болуп саналат. Учурда Кыргызстанда төрт гана коммерциялык банктын кирешеси көбүрөөк. 

    Эгерде 2024-жылдын жыйынтыгын мурунку жыл менен салыштырсак, Улуттук банктын кирешеси кыйла төмөндөп кеткен. Тактап айтканда, 2023-жылдын август айынын аягында киреше 8 миллиард 242 миллион сомду түздү, башкача айтканда, учурдагы көрсөткүчтөн 4,6 эсеге көп. 

    Терс натыйжанын себеби эмне? 

    Улуттук банк чыгашаларды баа туруктуулугун сактоо жана акча-кредит саясатынын түрдүү инструменттерин колдонуу зарылчылыгы менен түшүндүрөт. Алар өзгөчө тышкы экономикалык соккулар шартында олуттуу чыгымдарды талап кылат. Бул милдеттерди аткаруу үчүн банк резервдерди же анын финансылык натыйжаларына таасир этүүчү башка финансылык инструменттерди колдоно алат.

    Белгилеп кетсек, Улуттук банктын кирешеси же чыгымы бардык кирешелер жана чыгашалар эсепке алынгандан кийин жылдын аягында чыгарылып, көз карандысыз аудит тарабынан тастыкталат. Ошентип, чыгышалар натыйжасыздыктын көрсөткүчү эмес, макроэкономикалык туруктуулукту сактоо боюнча милдеттерди аткаруунун бир бөлүгү болуп саналат. 

    Ошол эле учурда, Улуттук банктын финансылык көрсөткүчтөрүнүн начарлашынын себептеринин бири 2023-жылга пайданын 100%ын мамлекеттик бюджетке которуу чечими болушу мүмкүн. 

    Буга чейин “Акчабар” эл аралык тажрыйбада борбордук банктар бардык кирешесин бюджетке которууну сунуштабай турганын жазган. Ошентип, Эл аралык валюта фонду жөнгө салуучу органдардын кирешелерди бөлүштүрүү жана дивиденд саясатынын принципиалдуу маанисин баса белгилейт. Анткени бул капиталдын шайкештигине жана акча-кредит саясатынын максаттарына коркунуч келтириши мүмкүн. 

    Ушуга жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамдын бардык параметрлерине ылайык, КРнын Улуттук банкы бардык пайданы өзүнө калтырышы керек деген жүйөлөргө карабастан, Улуттук банк бардык пайданы мамлекеттик казынага өткөрүп берүү жөнүндө органдардын чечимин колдогон. 

    2024-жылдын июнь айында Улуттук банк мамлекеттик казынага 12,4 миллиард сом которуп, өзүндөгү болгон “финансылык жаздыкчадан” ажыраган. 

    «Керемет Банк» жана алтын 

    Улуттук банк марттын аягында “Керемет” банкты Каржы министрлигине 7,1 миллиард сомго сатуунун эсебинен бюджетке чегерилген пайданын бир бөлүгүн компенсациялай алды.

    Мындан тышкары, алтындын кымбатташы Улуттук банктын кошумча киреше булагы болуп калды. Жыл башынан бери алтын 24,13%га кымбаттады, бул анын запастарын оң баалоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берди. Бухгалтердик эсептин эрежелерине ылайык, алтынды иш жүзүндө сатуу болбосо да, мындай кайра баалоо киреше катары каралат.
    Ошентип, алтынга болгон баанын өсүшү да жөнгө салуучу органдын финансылык ишмердүүлүгүнүн жакшырышына шарт түздү жана жыл ичинде келтирилген айрым чыгашалардын ордун толтурууга жардам берди.


    Тектеш материалды окуу