akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    arrow right
    arrow right
    Сүрөт алынган жер: Кабмин

    Жарыяланган

    2024-09-10, 17:04

    Туризм тармагындагылар менен мамлекеттик органдар Кыргызстандагы туризм көйгөйлөрүн талкуулашты

    Бишкекте Туризм боюнча координациялык кеңештин жыйыны өтүп, ага туризм тармагынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов төрагалык кылып, Туризм дирекциясынын башчысы 2024-жылдагы туристтик сезондун жыйынтыгы менен тааныштырды.  

    Жолугушуу улуу жазуучу Лев Толстойдун чөбөрөсү Александра Толстойду Кыргызстандын туризм элчиси деп расмий жарыялоо менен башталды. Александра 25 жылдан бери дүйнөнүн бардык элдери үчүн Кыргызстанга туристтик турларды уюштуруп келет. Ал өз сөзүндө өлкөдө туризм тармагы кандай өнүгүүсү керек деген пикирин билдирди.

    “Кыргызстанда туризм тармагында чындыгында чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Мен бул жерге 25 жылдан бери келип, бул өлкөнүн маданияты менен жаратылышынан ырахаттанып келем. Ал эми бул жерде туризм өзүнүн нукуралыгын сакташын каалайт элем. Баарын башкалардай кылып жасаштын кереги жок, анткени сиздин маданиятыңыз — туристтер сизге эмне үчүн келишет”, — деп белгиледи Александра Толстая.

    Салтанаттуу бөлүктөн кийин Экономика министрлигине караштуу Туризм дирекциясынын башчысы Максат Усубалиев 2024-жылдагы туристтик сезондун жыйынтыгы менен тааныштырды. Анын айтымында, Кыргызстандын туризм тармагы өсүүдө. 2024-жылдын сегиз айында өлкөгө 6,1 миллиондон ашык чет өлкөлүк жаран келип, 2023-жылга салыштырмалуу көп болду.

    “Экономикалык көрсөткүчтөр да бир топ жогорулады. Биринчи жарым жылдыкта туризм тармагынын дүң кошумча наркы 15,1 млрд сомго жетип, өлкөнүн ИДПсынын 2,7%ын түздү. Туризм тармагына инвестициялар да көбөйүп, 4,2 млрд сомду (өткөн жылы – 2,8 млрд сом) түздү, бул аталган тармакка инвесторлордун кызыгуусун арттырганын көрсөтөт”, - деди ал.

    Статистикага ылайык, туризм тармагында катталган ишканалардын саны 135,8 миңге чейин өстү. Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында 479,7 миллион долларды түздү, ал эми тармактан салыктык түшүүлөр 2022-жылга салыштырмалуу үч эсеге көбөйүп, 2023-жылы 2,8 миллиард сомго жетти (2024-жылдын маалыматы азырынча бериле элек).

    Бирок, туроператорлор белгилегендей, ийгилик кыйынчылык менен ишке ашат. Тоскоолдуктар мамлекеттик органдардын ишиндеги бюрократизм жана ыраатсыздык менен түзүлөт.

    “Эң негизги жана эң чоң көйгөй – бул биздин тармактагы башкаруу системасы. Улуттук кеңеш эң зарыл структура, бирок ал үзгүлтүксүз иштеши керек. Туризм департаментинин министрликтер аралык деңгээлдеги кандайдыр бир маселени чечүүгө алсыздыгы факты, бул көптөн бери эле айтылып келет. Бизге кандайдыр бир министрликтен жогору түзүм керек, бирок ал жерде кабыл алынган чечимдер кеңеш берүүчү гана эмес, иш алып барышы үчүн. Мындан тышкары, туризм департаментинин ишмердүүлүгүн талдап, бул түзүмдүн акыры кантип иштешин түшүнүшүбүз керек”, - дейт “Тоолордогу куткаруу” бирикмесинин директору Владимир Комиссаров.

    Эксперттер белгилегендей, туризм мыйзамдарында да көптөгөн кемчиликтер бар. Мыйзамга өзгөртүүлөр жакында эле кабыл алынып, бирок тармактык адистердин көптөгөн сунуштары эске алынбай, туризмди өнүктүрүүгө кедергисин тийгизүүдө. 

    Туристтик коопсуздук көйгөйлөрү эң актуалдуу маселелердин бири бойдон калууда. Кыргызстан тоолуу аймактардын коопсуздугу боюнча дүйнөлүк рейтингде экинчиден акыркы орунда турат. Акыркысын Непал ээлейт, биздин республиканын алдында Эквадор турат. Ошондой эле, кеңештин катышуучулары экологиялык көйгөйлөрдү, өзгөчө Алакөл көлү жана Каракол мамлекеттик жаратылыш паркы сыяктуу объектилердеги көйгөйлөрдү көтөрүштү. Бирок, кеңешменин жүрүшүндө айтылгандай, абалды оңдоо зарылдыгы тууралуу көп жылдардан бери айтылып келе жатканына карабастан, олуттуу өзгөрүүлөр болбой жатат.

    “Министрлер кабинети өзүнүн ишинин алгачкы үч жылынын ичинде негизги көйгөйлөрдү чечүүгө басым жасады. Биз орун алган көйгөйлөрдү жойдук, кирешени көбөйттүк жана көзөмөл жана тартипти камсыз кылуу менен башкаруу вертикалын калыбына келтирдик. Чындыгында алар авариялык режимде аракет кылышкан. Азыр биздин алдыбызда тереңирээк стратегиялык иштерге өтүү милдети турат. Ал эми туризм приоритеттүү тармактардын бири болуп саналат, ал өлкөбүздүн өзгөрүшүнө чоң салым кошууга тийиш”, - деп жыйынтыктады Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.


    Тектеш материалды окуу

    • Батыш автобекети жабылды. Аймактарга кайсы автобекеттен кетсе болот?
      Бишкекте Батыш автобекети жабылып, анын ордуна Алма-Ата көчөсү менен Айланма жолдун кесилишине жакын жерде жана Ак-Кула ат майданынын жанында убактылуу автобекет иштөөдө. “Акчабардын” кабарчылары Ысык-Көлгө, Ошко же башка аймактарга кантип барса болорун көрүп кайтты.
      2024-13-11 05:40:49
    • Энергетикадагы жаңы доор: Кыргызстан CASA-1000 долбоорун аяктады
      Өлкө CASA-1000 долбоорунун алкагында энергетикалык инфраструктуранын өзүнө тиешелүү бөлүгүн дээрлик куруп бүттү. Долбоор Борбордук Азиянын энергетикалык системаларын Түштүк Азия - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан менен байланыштыруу үчүн иштелип чыккан.
      2024-04-11 11:15:08
    • Кыргызстанга финансылык реформалар керек – Михаил Петров
      Бишкекте “Ой Ордо” эксперттик демилгелер борбору уюштурган тегерек үстөлдө эксперттер экинчи даражадагы санкциялардын контекстинде Кыргызстандын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн банк тутумунун тенденцияларын жана келечегин талкуулашты. Талкууда өлкөнүн каржы системасынын учурдагы абалына тиешелүү көптөгөн негизги маселелер козголду, эксперттер Улуттук банктын ролуна өзгөчө көңүл бурушту.
      2024-17-10 08:42:52
    • Туризм тармагындагылар менен мамлекеттик органдар Кыргызстандагы туризм көйгөйлөрүн талкуулашты
      Бишкекте Туризм боюнча координациялык кеңештин жыйыны өтүп, ага туризм тармагынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов төрагалык кылып, Туризм дирекциясынын башчысы 2024-жылдагы туристтик сезондун жыйынтыгы менен тааныштырды.
      2024-09-10 11:04:40