«Айыл Банк» ААК- бул ири мамлекеттик банк, анын 100% акциясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ээлик кылат. Банк салттуу баардык банктык кызматтарды көрсөтөт. Ошондой эле, банктын башкы багыты - айыл чарба тармагын каржылоо болуп саналат. Банк Кыргызстандагы айыл чарба тармагын колдоого багытталган мамлекеттик жана эл аралык долбоорлордун катышуучусу.
Банктын негизги инвестициялык донорлору жана өнөктөштөрү:
- Дүйнөлүк Банк (Өнүктүрүүнүн Эл аралык Ассоциациасынын долбоорлору: “Айылды каржылоо” жана “Агробизнес жана маркетинг”);
- Азия Өнүктүрүү Банкы (айыл чарба бөлүмүн өнүктүрүү долбоору);
- Европалык Кайра куруу жана Өнүктүрүү Банкы (чакан жана орто бизнести өнүктүрүү долбоору);
- Кыргызстандагы «Райфайзен» кооперативдерин өнүктүрүү фонду;
- Кыргызстандагы Банктарды Кайра каржылоонун Адистештирилген Фонду, ПРООН жана башка каржы институттары.