akchabar logo with typographysearch

    «FINCA Банк»

    ЗАО «ФИНКА Банк»

    Банк жөнүндө маалымат

    Негизделген жылы

    2015

    Лицензия

    051, 051/1

    Башкы кеңсе

    Бишкек, ул. Шопокова 93/2

    Телефон

    +996 (312) 44 04 40

    Электрондук почта

    finca@fincabank.kg

    Вебсайт

    http://www.fincabank.kg

    FINCA (Foundation for International Community Assistance), кыргыз тилине которгондо – “FINCA Банкы” аз кирешеге ээ адамдардын бизнесин өнүктүрүүгө жана бакубаттуулугун жогорулатууга керектүү болгон продукттарга жана кызматтарга жетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү үчүн иштейт. Ал Латын Америкасында 1985 -жылы негизделген. FINCA  банкынын башкы принциби аз камсыз болгон, жакыр адамдардын тобуна күрөөсүз, жеткиликтүү пайыздык ченде  насыя берүү жана алардын бизнес баштоосуна өбөлгө түзүү болуп саналат. 

    Учурда FINCA International  дүйнөнүн  20 мамлекетинде иштеп,  2,7 миллиондон ашык кардарларды тейлейт. FINCAнын башкы кеңсеси Вашингтондо, Колумбия округунда жайгашкан.

    FINCA компаниясы Кыргызстанда 1995-жылы  аз камсыз болгон ишкерлерди колдоо, айрыкча аялдарга артыкчылык берүүгө багытталган программасы менен ишмердүүлүгүн баштаган. 2001-жылы FINCA  кардарларынын  саны  20 000 адамга жеткен. Кредиттик портфели  3 272 782  АКШ долларын түзгөн. FINCA  кеңселери өлкөнүн баардык аймагын камтыган. 

    2005-жылы FINCA Кыргызстан компаниясы он жылдык мааракесин белгиледи.  Ушул жылы  FINCA  Американын Соода Палатасына мүчө болду.  FINCA компаниясынын  демилгеси менен  Микрокаржылык уюмдардын бирикмеси түзүлдү (АМФО).

    2009-жылы компаниянын активдүү насыячыларынын саны 100 миң  кардарга жеткен. 2012-жылы FINCA Кыргызстанда финансалык сабаттуулук боюнча долбоорду ишке киргизишкен. Банк ушул жылдар аралыгында финансалык сабаттуулук боюнча 2438 тренинг өтүп, 51 574 адамды окутушкан.   FINCA  Global Money Week (Дүйнөлүк Акча жумалыгына) катышып, окуучулар менен студенттер арасында билим берүү менен катар, окуу куралдарын чыгарып келишет. 

    2015-жылдын март айында “ФИНКА МКК” ЖАК банктык лицензияга ээ болуп, “ФИНКА Банк” ЖАК болуп өзгөртүлүп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банк ишмердигин жүргүзүү үчүн толук лицензиясына ээ болуп,   анда банк операциялары чектөөсүз жасалат. Ошондой эле, чет элдик валюталар менен иштөөгөдагы лицензия берилген.  3-марттан тарта   «ФИНКА Банкы» ЖАК  КР Улуттук банкынын коммерциялык банктары боюнча реестрине кирди. 
     

    Финансылык көрсөткүчтөр

    Жылдык активдер
    Активдер 2024
    30538770 миң сом
    Жылдык киреше
    Киреше 2024
    499806 миң сом