akchabar logo with typographysearch

    «Элдик Банк» ААК

    ОАО «Элдик Банк»

    Банк жөнүндө маалымат

    Негизделген жылы

    1996

    Лицензия

    033, 033/1

    Башкы кеңсе

    г. Бишкек, бул. Молодой Гвардии, 38а

    Телефон

    +996 (312) 911 111

    Электрондук почта

    info@rsk.kg

    Вебсайт

    http://www.rsk.kg/

    «РСК БАНК» 1996-жылы калкка тейлөө кызмат көрсөтүү үчүн негизделген. Банк ушул иштеген жылдардын ичинде өзүнүн ишенимдүү экенин тастыктады жана калктын ишенимине ээ болду, бул кардарлардын санынын туруктуу өсүшү менен тастыкталды.  Банк кардарлардын күндөлүк жана алдыдагы керектөөлөрүн эске алуу менен өнүгүүдө. Банк азыркы учурда – жеке жана корпоративдүү кардарлар үчүн тейлөө кызматтардын кеңири тармагын көрсөтө турган заманбап, стабилдүү жана динамикалуу финансылык түзүм.  

    «РСК Банктын» өнүгүшүнүн артыкчылыктары- кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, банктык тейлөө кызматтардын түрлөрүн кеңейтүү, калктын жана корпоративдик тармактын бардык катмары үчүн тейлөө кызматтардын сапатын жакшыртуу болуп саналат. 

    «РСК Банк» Кыргызстандын бардык аймагында калкты жана кичи жана орто бизнес тармагын тейлөө боюнча алдыңкы Банк болууга, калктын бардык катмары жана бизнес категориясы үчүн банктык тейлөө кызматтарга алардын жете алышын камсыз кылууга умтулат. Банк өзү иш-аракеттеринде, башкаруунун заманбап ыкмаларын колдонуу менен өз кардарлардын, жана башка бардык кызыккан тараптардын керектөөлөрүн толугураак канааттандыруу принциптерине таянат. Банк бизнес бул өлкөнүн жана бүтүндөй эле коомчулуктун негизи экендигин жакшы түшүнөт. Ошондуктан банктын принциптеринин бири социалдык жоопкерчилик болуп саналат.

    2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «РСК Банк» ААКсынын толук корпоративдик аталышы жана кыскартылган корпоративдик аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу «РСК Банк» ачык акционердик коомунун лицензиясын алмаштырды:

    — мамлекеттик тилдеги толук аталышы: «Элдик Банк» ачык акционердик коому;
    — мамлекеттик тилдеги кыскартылган аталышы: «Элдик Банк» ААК.
     

    Төлөм карталарын тейлейт

    • visa_support
    • master_card_support
    • elcard_support
    • alaycard_support

    Финансылык көрсөткүчтөр

    Жылдык активдер
    Активдер 2024
    171651740 миң сом
    Жылдык киреше
    Киреше 2024
    4877703 миң сом