Жарыяланган
2025-04-04, 14:40Быйыл январь-март айларында 63 млрд 852,2 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Салык чогултуу боюнча план 4 млрд 388,6 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Ошол эле учурда былтыркы жылдын үч айына караганда ал 15,8 млрд сомго көп.
Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 19 млрд 114,5 млн сом чогултулуп, план 1 млрд 14 млн сомго ашыгы менен аткарылган.
Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү биригип 82 млрд 966,7 млн сом жыйналган.