Жарыяланган
2025-10-04, 16:13Сүттүн баасы анын майлуулугуна жараша аныкталат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Министрлик белгилегендей, Кыргызстанда жыл сайын апрелден июнга чейин сүттүн сатык баасы боюнча ар дайым маселе жаралып келет. Бул көйгөйду чечүү максатында алар былтыртан тарта сүттүн баасын майлуулугуна карап аныктоону сунуштап, баалар көрсөтүлгөн жадыбалды сунуштаган. Айыл чарба министрлиги дыйкан-фермерлерге сүттү ишканаларга ортомчусуз сатууга шарт түзүлгөнүн билдирди.
Ишкана майлуулугу 4%дан көп болгон сүттү 40 сомдон кымбат, 3,5% болсо, 36-39 сомдон жана 3% болсо, 31 сомдон сатып алат. Бул баалардын тизмеси ар бир ишканада илинип турушу керек.
Сүттүн майлуулугу боюнча фермер менен ишкананын ортосунда талаш-тартыш болсо, ветеринардык лабораторияга кайрылууга болот. Ал жакта текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен майлуулук канча деп көрсөтүлсө, ишкана сүттү ошого ылайык баа менен алууга милдеттүү. Сүттү белгиленген баа боюнча алуудан баш тарткан ишканаларга чара көрүлөт.