Жарыяланган
2025-09-04, 18:03Кыргызстанга тоок жумурткаларын алып кирүүгө (импорттоого) 6 айга чектөө киргизүү караштырылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Бул чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган.
Министрлик чектөө киргизилсе, өлкөдөгү ишканалар жумуртканы көбүрөөк өндүрүп, импорттук продукцияга болгон атаандаштыгы жогорулай турганын белгилейт. Ошондой эле импортко болгон көз карандылыкты азайтууга мүмкүн болот.
Быйыл үч айда чет жактан 1 млн 836 миң жумуртка ташылып келсе, 8 млн 800 миң жумуртка экспорттолгон.