akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-18-09, 09:15

    Ысык-Көлдөгү «Каркыра» бекетинин иш тартибин өзгөртүү сунушталды

    Ысык-Көл облусундагы “Каркыра унаа жолу” өткөрүү түйүнү күнү-түнү иштөө тартибине өтүшү мүмкүн. 

    Парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети мыйзам долбоорду биринчи окууда колдоду. 

    Мамлекеттик чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеевдин айтымында, түйүндүн иш тартибин өзгөртүү чечими кыргыз-казак чек арасын өтүүдө жакшы шарттарды камсыздайт. Андан тышкары, бул Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. 


    Тектеш материалды окуу