akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-10-10, 16:36

    Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандар көбөйүүдө

    Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын көбөйүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

    Маалыматка ылайык, мунун себеби туруксуз аба ырайы менен шартталышы мүмкүн. 

    Ушул жылдын 30-сентябрынан 6-октябрына чейинки аралыкта республика боюнча курч респиратордук вирустук инфекция жуктурган 4 миң 700дөй учур катталган. 

    Жалпы ооругандардын дээрлик 67 пайызы 14 жашка чейинки балдар.

    Сасык тумоого чалдыккандарга дароо дарыгерге кайрылуу сунушталат.



    Тектеш материалды окуу