Жарыяланган
2024-10-10, 14:35Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун өлчөнгөн алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөнүнө барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Белгиленгендей, дүкөндүн расмий ачылышы 5-сентябрда болгон жана андан бери алтын куймаларын сатуунун көлөмү 50 миллион сомду түзсө, компаниянын таза кирешеси 3 миллион сом болгон.
Президент “Кыргызалтын” ААКнын продукциясын сатып алууда эч кандай чектөө болбошу керектигин, анткени өлкөдө өндүрүлгөн алтын акыры эл аралык биржаларда сатылып, анда баалар фирмалык дүкөндөн төмөн болушу мүмкүн экенин баса белгиледи.
“Кыргызалтын” ААК Башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов эки жыл мурун бир килограмм алтын сатып алгандар азыркы базар баасын эске алганда, бүгүн 34 миң АКШ доллар киреше менен сата аларын билдирди.