akchabar logo with typographysearch

    Долбоор тууралуу

    “Акчабар” каржы порталы Кыргызстанда 2013-жылдын 17-октябрында акча которуу системаларын салыштыруу кызматы катары ачылган. “Акчабар” бул багытта өлкөдөгү алгачкы долбоор болгондуктан ата мекендик маалымат каражаттары аркылуу коомго тез эле таанылды.

     

    2014-жылы долбоор “Startup Turkey” конференциясында таанытылып, алдыңкы бизнес порталы “Bloomberg” басылмасына чыкты. Бирок, биз “Акчабардын” чыныгы туулган күнүн 2014-жылдын 1-ноябры деп эсептейбиз. Анткени, дал ушул күнү акча которууларды салыштыруу кызматы толук кандуу маалыматтык-аналитикалык портал катары иштей баштаган.

     

    “Акчабар” каржы порталы өз ишмердүүлүгүндө эки жолу жаңыланды. 2016-жылдын 18-апрелинде ишке ашырылган жаңы дизайн колдонуучу тажрыйбасын бир топ жакшыртып, функцияларды кеңейтти. 2024-жылы он жылдыгынын урматына портал масштабдуу өзгөрүүдөн өтүп, толугу менен жаңыртылды. Бул чечим акыркы жылдардагы технологиялык прогресстен улам кабыл алынды жана биз өз ишмердүүлүгүбүзгө алдыңкы тажрыйбаны киргизүүгө умтулдук.

     

    Жаңы дизайн, рубрикаларды жана башка жаңылыктарды иштеп чыгууда биз окурмандарыбыздын каалоолорун эске алдык. Биздин веб-сайт окурмандарга ыңгайлуу жана пайдалуу болушу үчүн колдон келген аракетти жасадык. Аудио форматты жактыргандар үчүн биз жаңылыктардын жана материалдардын үн коштоолорун коштук. Маалыматты ыкчам жеткирүү жана аналитикага басым жасоо үчүн жаңылыктарды жазуу башкы редактордун катуу көзөмөлү менен жасалма интеллектке жүктөлөт, бул туура эмес маалымат берүүнү жокко чыгарат.

     

    Биз негизги басымды аналитикалык мазмунга бурабыз жана окурмандарга сайттагы макалалардын жана авторлордун рейтингине таасир этүүгө мүмкүндүк берген жолдомо программасын киргиздик. Канчалык жогору балл болсо, материал ошончолук порталдын окурмандарына сунушталат.

     

    Биз кимбиз?

     

    “Акчабар” каржы маалыматтык-аналитикалык порталы Кыргызстандын 100% ата мекендик маалымат каражаты болуп саналат. Биздин киреше булагыбыз жарнамалык кызматтарды акы төлөнүүчү негизде көрсөтүү, ошондой эле биз жарнама менен автордук укук менен корголгон материалдарды так айырмалайбыз. “Акчабар” редакциясы ошондой эле продакшн, PR жана башка кызматтарга адистешкен компаниялар тобун бириктирген “Акчабар Медиа” ЖЧК холдингинин курамына кирет.

    Финансылык көз карандысыздык бизди чыныгы көз карандысыз маалымат каражаты кылат. Материалдарды даярдоодо биз тактык, эксклюзивдүүлүк жана оперативдүүлүк принциптерине гана таянабыз. Биздин кесипкөй журналист-иликтөөчүлөр тобу болуп жаткан окуяларга бизнес, каржы жана экономикалык көз караш аркылуу карап, каржы дүйнөсүнө терең түшүнүк берет.

     

    Аудитория

     

    Бизде ар тараптуу команда бар, командабызда тажрыйбалуу жана жаш адистер иштейт. Биздин аудитория ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер жана банк кызматкерлери менен гана чектелбейт. Биздин окурмандар – бул карьералык өсүүгө умтулган, акча тапкан, аны сарптап жана үнөмдөгөн, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү издеген же жөн гана каржы жана экономика дүйнөсүн жакшыраак түшүнүүнү каалагандар болуп саналат.

     

    Биздин принциптер

     

    Биз фактыларга, Кыргызстандын расмий маалыматтарына жана эл аралык статистикага басым жасайбыз. Биздин аналитикалык материалдарыбызда эксперттердин пикири талдоо аркылуу алынган маалыматты чечмелөөчү булак катары кызмат кылат. Биздин тажрыйба жана компетенттүүлүк бизге эксклюзивдүү окуяларды табуу аркылуу күн тартибин түзүүгө мүмкүндүк берет. Алар документтерден алынган кызыктуу фактылар, адамдардын окуялары же аудитория үчүн маанилүү темалар болуп эсептелет. Ишенимдүү жана бейтарап материалдар аркылуу биз окурмандарыбыздын ишенимине ээ болдук. Окурмандардын ишеними - бул биз умтулган эң негизги баалуулук.