akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: DALL·E

    Жарыяланган

    2024-30-09, 11:18

    Жарым жылда кыргызстандыктар банктык карталарынан 15 млн сом уурдатышты

    2024-жылдын 1-кварталында банктык карталардан тыяусуз акча алуулардын саны азайганына карабастан, дагы эле 104 мындай окуя катталып, анын натыйжасында 1,6 миллион сомдук зыян келтирилген. Бул уруксатсыз транзакциялардын бардыгы онлайн режиминде жүргүзүлүп, негизги максат Visa карталары болгон.

    104 инциденттин 103ү Visa карталарына тиешелүү, ар бир транзакциядан орточо зыян 15 миң 408 сомду түзгөн. Өлкөнүн “Элкарт” улуттук төлөм системасынын карт ээлери бир гана уруксатсыз транзакцияны катташкан, анын натыйжасында 19,8 миң сом жоголгон.

    Кошумчалай кетсек, бул мезгил аралыгында MasterCard карталары менен алдамчылык боюнча бир дагы учур катталган эмес.

    Бул көрсөткүчтөргө карабастан, биринчи кварталда карт ээлеринин акча жоготуулары 2023-жылдын төртүнчү кварталына салыштырмалуу кыйла аз болгон, анда 4,6 миллион сом уурдалган. Андан кийин Visa колдонуучулары 4,4 миллион сом, “Элкарттын” колдонуучулары 109,7 миң сом, ал эми уруксатсыз транзакциялардын натыйжасында MasterCard’тын үлүшү 75,3 миң сомду түздү.

    Бирок, шылуундар аракеттерин кыска мөөнөткө гана токтоткондуктан, ал көпкө созулган жок. 2024-жылдын экинчи чейрегинде уруксатсыз транзакциялардын саны кескин өсүп, мурунку жылдагыдай эле көп акча жоголгон. Кыргызстандын Улуттук банкы берген маалыматка ылайык, бул мезгилде Visa карталары менен 568, Элкарт картасы менен бир уруксатсыз транзакция катталган.

    Мындан улам керектөөчүлөргө олуттуу финансылык зыян келген. Visa картасынын ээлери 13,6 миллион сом жоготсо, “Элкарт” боюнча 3 миң сомду гана түзгөн. Visa карталарынан бир транзакцияда уурдалган орточо сумма 24 миң 17 сомго чейин өскөн.

    Салыштырсак, 2023-жылдын экинчи кварталында 301 уруксатсыз транзакциялар катталып, натыйжада жалпысынан 4,1 миллион сом зыян келтирилген. Бул карталардан уурдалган сумма 3,3 эсеге, ал эми алдамчылык транзакциялардын саны дээрлик эки эсеге өскөнүн билдирет.

    “Карттан уруксатсыз акча алуулардын болжолдуу көлөмү карт операцияларынын жалпы көлөмүнүн 0,005%ын гана түзөт. Тергөө иштери жүрүп жатат, акча каражаттарын кайтаруу процесси төлөм системасынын эрежелерине ылайык жүргүзүлүүдө”, - деп белгиледи Улуттук банк.

    Кошумчалай кетсек, коммерциялык банктар Кыргызстандын аймагында банкоматтарды же терминалдарды колдонуу менен чет элдик банк карталарынан уруксатсыз акча алуу боюнча 65 факты каттаган. Ошентип, Кыргызстандагы банктардын банкоматтарынан чет элдик банктардын карталары аркылуу 1,7 млн сом чыгарылган.


    Тектеш материалды окуу

    • Кыргызстанда эски долларлар жүгүртүлүп жатабы? Ал эмнеге жарайт?
      Бүгүнкү күндө Бишкекте “эски долларды” өткөрүүдө көйгөй жаралганы айтылууда. Бул азыркыдан ачык түсү менен айырмаланган эски америкалык валюталарга тиешелүү. Бирок, маселе бир гана түстө эмес. Айрым мамлекеттер жана каржы институттары эски долларларды такыр кабыл албай же арзандатуу менен алып жатышат.
      2024-08-11 11:02:00
    • Фишинг: алдамчылардын торуна кантип түшүп калбоо керек?
      Фишинг - бул колдонуучунун логини, сыр сөзү сыяктуу купуя маалыматтарын уурдоону көздөгөн интернет алдамчылыктын бир түрү. Популярдуу бренддердин, банктардын ж.б. кызматтардын атынан массалык түрдө email же социалдык медиалардан жеке кат жөнөтүү аркылуу жүргүзүлөт.
      2024-04-11 04:04:53
    • Бала менен акча тууралуу кантип сүйлөшүү керек?
      Балада канчалык эрте каржылык сабаттуулук, же жөнөкөй сөз менен айтканда акча тууралуу түшүнүк калыптанса, ошончолук жакшы. Бул учурда бала чыгашаларды пландаштырууну жана үнөмдөөнү, өз алдынча каржылык чечимдерди кабыл алууну жана убактысын жана ресурстарын баалаганды үйрөнөт.
      2024-31-10 06:48:33
    • Жеке каржыга кам көрүү аң сезимдүү керектөөдөн башталат
      Көбүнчө “аң сезимдүү керектөө” түшүнүгү экология жана айлана-чөйрөгө гумандуу мамиле менен байланыштуу. Алсак, суу жана электр энергияны ысырап кылбоо, желим баштыктарды сатып албоо, таштандыларды иргөө. Бирок аң сезимдүү керектөө ар кандай ресурстарга, анын ичинде “каржыга кам көрүү” дегенди да билдирет.
      2024-29-10 06:08:40