ОАО «ФинансКредитБанк КАБ»
Негизделген жылы
2005Лицензия
047, 047/1Башкы кеңсе
г. Бишкек, ул. Абдрахманова, 105Телефон
+996 (312) 30-30-14Электрондук почта
fkb@fkb.kgВебсайт
http://www.fkb.kg/«ФинансКредитБанк» ААКсы 2005-жылы негизделген. 2005-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргызстанда «ФинансКредитБанк» ААКсын ачууга алдын ала уруксат берген. Керектүү документтердин пакетин даярдоо жана каттоо процесси аяктагандан кийин 2005-жылдын 30-декабрында “ФинансКредитБанк” Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан банк ишин жүргүзүү укугуна лицензия алган. Берилген лицензия банктык операциялардын бардык түрлөрүн, анын ичинде инвестициялоону жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. 2006-жылдын 6-февралында «ФинансКредитБанк» ААК кардарларды толук кандуу тейлөөнү баштаган.
«ФинансКредитБанк» ААК – бул оптималдуу пайыздык чен, максималдуу ылдамдык жана тейлөө сапаты боюнча банктык кызматтардын толук спектрин көрсөткөн заманбап банк. Банк бизнестин өсүү темптерин өнүктүрүү боюнча жигердүү саясатты жүргүзүүдө жана жакынкы эки жылда Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын лидерлеринин тобуна кирүүнү пландаштырууда.
Банктын ишинин артыкчылыктуу багыты чекене бизнести өнүктүрүү болуп саналат, ал керектөө жана ипотекалык насыялоону, ошондой эле депозит рыногун өнүктүрүүнү камтыйт. Мындан тышкары, Банк бизнестин башка багыттарын корпоративдик бизнести, ошондой эле чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү көздөйт.
Бүгүнкү күндө Банктын Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын ири банктарында корреспонденттик эсептери бар. Келечекте Түндүк Америкадагы, Европадагы жана Азиядагы эл аралык белгилүү банктар менен корреспонденттик мамилелерди түзүү пландаштырылууда.