akchabar logo with typographysearch

    «Керемет Банк» ААК

    ОАО «Керемет Банк»

    Банк жөнүндө маалымат

    Негизделген жылы

    2013

    Лицензия

    049

    Башкы кеңсе

    г. Бишкек ул. Тоголок Молдо, 40/4

    Телефон

    0 (312) 55 44 44

    Электрондук почта

    call-center@keremetbank.kg

    Вебсайт

    http://www.keremetbank.kg/

    «Керемет Банк» ААК «Росинбанк» ААКсынын укуктарынын, активдеринин жана милдеттенмелеринин укук мураскери болуп саналат. 2018-жылдын октябрынан тартып банктын акцияларынын негизги ээси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы болуп эсептелет. Анын үлүшү 2019-жылдын май айындагы кезектеги эмиссиядан кийин 95%дан ашыкты түздү. 

    «Керемет Банк» ААК – бул өнүккөн региондук тармагы жана рыноктун бардык сегменттери үчүн кызматтардын ар түрдүү спектри бар универсалдуу каржы институту. Банк ийкемдүү тариф саясатын жана эң заманбап тейлөө стандарттарын сунуштап, эл аралык стандарттарга ылайык иш алып барат. Кеңири филиалдык түйүнгө ээ болуу менен, “Керемет Банк”республиканын бардык аймактарында миңдеген корпоративдик жана жеке кардарлар базасын тейлейт. Банктын ишмердүүлүгү эффективдүүлүккө, тактыкка жана индивидуалдуулукка негизделген.   

    «Керемет Банк» накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча мамлекеттик программанын жигердүү катышуучусу катары өлкөнүн бардык аймактарында банк инфраструктурасын кеңейтүү жана калктын банктык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча жигердүү иш алып барууда. Банк пластикалык карталарды тейлөө, эмгек акы долбоорлорунун саны жана калктан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча Кыргызстандагы коммерциялык банктардын арасында алдыңкы орундардын бирин ээлейт.

    «Керемет Банк» ААКсы республикадагы банктык инструменттердин саны боюнча Кыргызстандын финансы институттарынын арасында лидерлердин бири. «Элкарт» улуттук төлөм системасынын активдүү катышуучусу жана VISA, UnionPay, «Золотая Корона» жана «МИР» сыяктуу эл аралык төлөм системаларынын расмий мүчөсү (банк Кыргызстанда орусиялык “MIR” төлөм карталарын кабыл алып, тейлөөнү баштаган биринчи каржы институту болуп саналат). 
     

    Төлөм карталарын тейлейт

    • visa_support
    • elcard_support
    • china_unionpay_support

    Финансылык көрсөткүчтөр

    Жылдык активдер
    Активдер 2024
    61995858 миң сом
    Жылдык киреше
    Киреше 2024
    2508433 миң сом