akchabar logo with typographysearch

    SWIFT системасы

    Компания тууралуу

    SWIFT системасы – бул дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө жана каалаган валютада акча каражаттарын которууга мүмкүндүк берүүчү чет элдик валютадагы эл аралык акча которуулардын системасы. Артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү: USD, EUR, RUB, KZT, GBP, CNY сыяктуу түрдүү валюталарда акча которууларды жүргүзүүгө болот. Которуу суммасына эч кандай чектөө жок. Акча которуу системасы бардык өлкөдө иштейт. Жеке адамдарга да, уюмдарга да акча каражаттарын жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Которуу мөөнөтү 2-5 күн. Акчаны которуу үчүн идентификациялык документти (паспорт) жана алуучунун реквизиттерин, анын ичинде банктардын аталышын жана SWIFT коддорун, эсептин номерин, алуучунун реквизиттерин жана төлөм максатын көрсөтүү керек. Банктык комиссия да төлөнөт.