akchabar logo with typographysearch

    Жарнама берүүчүлөргө

    “Акчабар” каржы порталы жогорку сапаттагы финансылык маалыматты жана аналитиканы берүүгө адистешкен Кыргызстандагы алдыңкы маалыматтык-аналитикалык булак болуп саналат. Биз рынокто 2014-жылдын 1-ноябрынан бери иштеп келебиз.

    2024-жылы “Акчабар” колдонуучу тажрыйбасын жакшыртуу жана функцияларды кеңейтүү үчүн масштабдуу жаңыртууну ишке ашырды. Ошондой эле, сайтты жаңылоодо алдыңкы технологиялык чечимдер киргизилди.

    Биздин көрсөткүчтөр

    2024-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча, 1-январдан 30-июнга чейин Google Analytics аркылуу тастыкталган “Акчабар” каржы порталынын колдонуучуларынын саны 2023-жылдын алты айына салыштырмалуу 26,9%га өстү.

    Тиешелүү мезгилде сайттагы окуулардын саны 7,9% өсүп, 10 миллионду түздү.

    Бизди эң көп окуган алдыңкы “Топ - 10” өлкө:

    Кыргызстан. 
    Орусия.
    Өзбекстан. 
    Индонезия. 
    Казакстан. 
    Тажикстан. 
    Германия. 
    АКШ. 
    Түркмөнстан. 
     Азербайжан.

    Порталдын аудиториясына 18 жаштан 65 жашка чейинки окурмандар, аялдар жана эркектер кирет. Эң көп аудиторияны 35 жаштан 64 жашка чейинки окурмандар түзөт.

    Биздин артыкчылыктар

    Аудитория: Биздин аудитория – ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер жана банк кызматкерлери, ошондой эле карьералык өсүүгө умтулган, акча тапкан, аны сарптап жана үнөмдөгөн, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү издеген же жөн гана каржы жана экономика дүйнөсүн жакшыраак түшүнүүнү каалагандар болуп саналат.

    Технология: Биз Android жана iOS үчүн мобилдик тиркемелери бар Кыргызстандагы технологиялык эң өнүккөн медиа-долбоор деп эсептелебиз.  2024-жылдагы масштабдуу жаңыртуунун алкагында сайтка AI, жаңылыктардын жана макалалардын аудио форматы, панорамалык сүрөттөр, сайттын заманбап навигация системасы жана башка көптөгөн нерселерер киргизилген.

    Мазмундук сапаты: Биз фактыларга, улуттук жана эл аралык статистикага басым жасап, так жана оперативдүү түрдө материалдарды жарыялайбыз. Биздин талдоо макалаларыбыз эксперттердин корутундулары менен толукталып, аларды баалуу жана мазмундуу кылат.

    Реферал программасы: Биздин окурмандар макалалардын жана авторлордун рейтингине таасир этиши мүмкүн, бул бизге мазмундун жогорку деңгээлин кармап турууга жана аудиториянын каалоолорун эске алууга мүмкүндүк берет.

    Жарнама берүүчүлөргө жана өнөктөштөргө мүмкүнчүлүктөр

    Максаттуу аудитория: “Акчабар” финансылык кызматтарга жана продуктыларга кызыккан, төлөөгө жөндөмдүү жана активдүү аудитория менен байланышуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

    Жарнама: Биз ар түрдүү жарнамалык мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде баннердик жарнаманы, өзгөртүлбөгөн макалаларды жана демөөрчүлүк материалдарды сунуштайбыз. Биз жарнамалык жана автордук укук материалдарын так ажыратабыз, бул колдонуучулар тарабынан ачык-айкындуулукту жана ишенимди камсыздайт.

    Өнөктөштүк макалалар: Биз финансылык мекеме, технологиялык компаниялар жана башка бизнес өкүлдөрү менен кызматташууга ачыкпыз. Биргелешкен долбоорлор жана атайын сунуштар рынокто катышууңузду кеңейтүүгө жана жаңы кардарларды тартууга көмөктөшөт.

    Аналитика жана отчеттор: Биз өнөктөштөргө стратегияларды оптималдаштырууга жана жакшыраак натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берген жарнамалык кампаниялардын жыйынтыктары жана жайгаштыруу көрсөткүчтөрү боюнча кеңири отчетторду беребиз.

    “Акчабар” каржы порталы финансылык маалымат жана аналитика дүйнөсүндөгү сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз. Биз менен кызматташуу сизге рынокто өз позицияңызды өнүктүрүү, аны бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бизге кошулуңуз жана тармактын лидери менен иштөөнүн артыкчылыктарынан пайдаланыңыз.

    Өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөр жана жарнамалык сунуштар үчүн биз менен  байланышыңыз: тел./whatsApp/telegram: +996 550 570540; электрондук почта: pr@akchabar.kg